«Элкарт» улуттук төлөм системасынын үлүшү дээрлик 60%га жетти

«Элкарт» улуттук төлөм системасынын үлүшү дээрлик 60%га жетти

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК кечээ, 13-декабрда «Элкарт» улуттук төлөм системасынын 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды.

«Элкарт» улуттук төлөм системасы түзүлгөндөн бери 2022-жылдын декабрына карата 21 коммерциялык банк, ошондой эле үч уюм тарабынан колдоого алынган. «Элкартты» Кыргызстандын аймагында 2 миңден ашык банкоматтар жана 16 миңден ашык POS-терминалдар кабыл алат.

«Элкарт» улуттук төлөм системасынын үлүшү 59.5%ды түзөт. Бүгүнкү күндө жүгүртүүдө аталган улуттук төлөм системасынын 2.6 млн картасы бар. Үстүбүздөгү жылы транзакциялардын саны 68.8 млн сомго жетип, операциялардын көлөмү 272.6 млрд сомду түздү.

2022-жылы «Элкартты» кабыл алган географиялык аймак кыйла кеңейди. «Элкарттан» Россиянын «Мир» төлөм системасынын карталарына жана Беларустун «Белкарт» системасынын карталарына трансчек аралык которуулар ишке киргизилген. 2022-жылдын июнь айында «Элкарт» кызматы Uzcard тармагында (Өзбекстан) да пайда болгон.

Мындан тышкары, «Бай-Түшүм» банкынын тиркемесинде Visa карталарын токенизациялоо туташтырылган. 2022-жылдын март айынан тартып «Элкарт» карталарын колдонуу менен өз ара эсептешүү процесси реалдуу убакыт режиминде гросстук эсептешүү системасында жүргүзүлүүдө. «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесинде дистанциялык идентификация иштей баштады.

Июль айында «Элкарт Pay» функциясы ишке киргизилген. Бишкектин коомдук транспортунда контактсыз төлөм иштей баштады. Ноябрда Google Pay менен контактсыз төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн картаны белгилөө ишке киргизилген. 2022-жылдын декабрында 3d Secure функциясы «Элкарт» карталарын колдонуу менен ишке киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ири долбоорлордун бири – Кыргызстанды газдаштырып жаткан “Газпром” компаниясы экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, компания буга чейин газ өткөрүүчү түйүндөрдү курууга 400 млн долларга жакын каражат жумшады.  “Алдыда 2030-жылга чейин өлкөнү газдаштырууну 60%га жеткирүү тапшырмасы