Акылбек Жапаров Евробиримдиктин өкүлүнөн виза режимин жеңилдетүүнү суранды

Акылбек Жапаров Евробиримдиктин өкүлүнөн виза режимин жеңилдетүүнү суранды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КРдагы Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушканын минкабдын маалымат кызматы билдирди. 

Жапаров кыргыз тарап климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу контекстинде «жашыл» экономикага трансформациялоонун жана ресурстарды үнөмдөө маанилүүлүгүн түшүнүү менен, аз көмүртектүү циклдүү экономиканын ийгиликтүү моделдерин киргизүү боюнча Евробиримдик менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле КРнын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү жана ЕБ өлкөлөрүндө ишке орношуу маселелерине токтолду.

Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Ал жашыл экономиканы жана санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Сырттан келген кыргызстандыктар инвестициялык долбоорлорго катышып жатат – Р.Сабиров

Сырттан келген кыргызстандыктар инвестициялык долбоорлорго катышып жатат – Р.Сабиров

Акыркы жылдары Кыргызстанга 15–20 миңдей мекендештер кайтып келип, айрымдары инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатканын радионун эфиринде  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, кайтып келген жарандар негизинен курулуш тармагында иштеп, ошондой эле бизнес ачып, аймактарда ар кандай долбоорлорду ишке киргизүүдө. "15–20 миңден ашуун мекендештерибиз

Чет өлкөлүк номерлүү, мыйзамсыз унаалар сыртка чыгарылат же утилдештирилет

Чет өлкөлүк номерлүү, мыйзамсыз унаалар сыртка чыгарылат же утилдештирилет

Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар, легалдаштыруудан өтпөгөн автоунааларды жөнгө салуу боюнча президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, мындай унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-майына чейин алардын кийинки тагдырын өз ыктыяры менен чечүү үчүн мөөнөт берилет. Тактап айтканда, автоунааны өлкөдөн чыгарып кетүү, тетиктерге сатуу же утилдештирүү каралган. Эгерде белгиленген мөөнөттө

Кыргызстан Германия менен стратегиялык тармактарда кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан Германия менен стратегиялык тармактарда кызматташууну күчөтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа иштери боюнча мамлекеттик министри Гюнтер Кричбаумду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык багыттардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан банктарында 1,3 млрд ликвиддүү акча каражаттары бар, бирок алардын көбү пайдаланылбай турат – Г.Керимкулова.

Кыргызстан банктарында 1,3 млрд ликвиддүү акча каражаттары бар, бирок алардын көбү пайдаланылбай турат – Г.Керимкулова.

Азия өнүктүрүү банкынын "Азия өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова Кыргызстандагы банктарда болжол менен 1,3 млрд доллар көлөмүндө ликвиддүү каражаттар бар экенин жана бул ресурстардын олуттуу бөлүгү колдонулбай турганын билдирди Азия өнүктүрүү банкынын изилдөөсүнүн бул жылдагы негизги темасы