Чет элдик жарандын 40 миң долларын тартып алган уурулар кармалды

Чет элдик жарандын 40 миң долларын тартып алган уурулар кармалды

Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан чет элдик жаранга кол салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2022-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне жазуу жүзүндө арыз менен Казакстан Республикасынын жараны Д.Ш кайрылган. Анда, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында ботаникалык бакчадан физикалык күч колдонуп, белгисиз маркадагы тапанча менен коркутуп, 40 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын тартып алышкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышты жасоого 2-3 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Борбор калаанын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүлөр 1993-жылы туулган И.И, 1991-жылы туулган Б.Б. жана 1996-жылы туулган Т.У. кармашкан.

Алар уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандыгы аныкталган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бардык шектүүлөргө карата эки айга Бишкек шаарынын №1 СИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу талкууланды

Ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу талкууланды

КРнын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Президенттин ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыгынын жоболору жана аларды ишке ашыруу тартибин талкуулашты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, иш чаранын жүрүшүндө ишкерлердин укуктарын коргоо багытында Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияда жана КРнын өнүктүрүүнүн улуттук программасында

МинКаб Бишкек мэриясына 95 автобус жана 42 атайын техника тапшырды

МинКаб Бишкек мэриясына 95 автобус жана 42 атайын техника тапшырды

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшыруу аземине катышты. "Бүгүн биз Бишкек мэриясына 95 жаңы заманбап автобусту, ошондой эле 42 даана атайын техниканы тапшырып жатабыз. Бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам. Ар бир транспорт каражаты

Жогорку Кеңештин эки депутаттык тобу спикерликке Марлен Маматалиевди көрсөтүштү

Жогорку Кеңештин эки депутаттык тобу спикерликке Марлен Маматалиевди көрсөтүштү

Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топтору парламент төрагасы кызматына талапкер катары депутат Марлен Маматалиевди көрсөткөнүн вице-спикер Чыңгыз Ажибаев парламент жыйында билдирди. Ал депутаттык топтордун чечимин тиешелүү комитетке өткөрүп берүүнү тапшырды.  44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.

Европа парламенти Украинага 90 млрд евро пайызсыз насыя берүүнү жактырды

Европа парламенти Украинага 90 млрд евро пайызсыз насыя берүүнү жактырды

Европа парламенти Украинага 2026–2027-жылдарга 90 млрд евро өлчөмүндө насыя берүү чечимин жактырды. Бул чечимди 458 евродепутат колдоп, 140 депутат каршы добуш берди, деп билдирет AFP. Европарламенттеги добуш берүү насыяны бекитүүнүн акыркы этабы болду. Евробиримдиктин (ЕБ) өлкө лидерлери Украинага пайызсыз насыя берүү тууралуу 2025-жылдын декабрында макулдашкан. Насыя ЕБнин капитал рынокторунан