«Кошой» заводу 80 жылдык юбилейине карата 9 тонна кумшекерди бекер таратты

«Кошой» заводу 80 жылдык юбилейине карата 9 тонна кумшекерди бекер таратты

Бүгүн, 15-декабрда, «Кошой» ААК заводу 80 жылдык юбилейине карата Чүй облусунун Шопоков шаарынын жана Сокулук районунун калкынын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам акциясын өткөрүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу органы билдирди.

Акциянын алкагында бир адамга 10 кг кумшекер берилет. Жалпысынан 9 тоннадан ашык таратылат.

Белгилей кетсек, «Кошой» ААК КРдагы кант рыногунда үстөмдүк кылуучу субъекттердин бири болуп саналат.

Бүгүнкү күндө ички рынокто кумшекер жетиштүү. Республикада кант кызылчасынан кумшекер өндүрүү уланууда. «Кошой» ААКтын кумшекерди рынокко чыгарган өзүнүн баасы – 78 сом/кг. Ал эми фирмалык дүкөнүндө чекене баа – 84 сом/кг. Ал эми «Глобус», «Народный» жана «Фрунзе» соода түйүндөрүндө 1 адамга 1 кг өлчөмүндө баасы – 85 сом/кг.

Мындан тышкары окуңуз

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

Беш жылдагы эң төмөнкү баалардын өсүшү 2025-жылдын аягына чейин болот. Мындай билдирүүнү РФ Борбордук банкынын төрайымы Э.Набиуллина РФ Борбордук банкынын пайыздык чени боюнча чечимине арналган басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында инфляциянын максатына жетүү жолунун олуттуу бөлүгү жабылган, бирок Борбордук банк 2027-жылы нейтралдуу көрсөткүчкө жетет деп болжолдойт. Бүгүн Россия

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты. Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнөн тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу, жол тескөөчүлөр республика боюнча ири унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда жана кооптуу тилкелерде күнү-түнү кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салууда. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында орган өкүлдөрү ыкчам ишчараларды көрүлүүдө. Жолдогу көйгөйлөрдү болтурбоо

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК Ош облусунда Өзбекстан Республикасынын 15 жаранынан жана КРнын 10 жаранынан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишин токтотту. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алардын коргоочусу болгон КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын эки кызматкерин, УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери да кармалды. Бул кылмыштуу топ Түркия Республикасынан кымбат баалуу дары-дармектерди жана зер