КР кайра жаралуучу булактардан электр энергиясын өндүрүү боюнча БАЭнин «МАСДАР» компаниясы менен келишим түздү - долбоор 180 млн $

КР кайра жаралуучу булактардан электр энергиясын өндүрүү боюнча БАЭнин «МАСДАР» компаниясы менен келишим түздү - долбоор 180 млн $

Энергетика министрлиги энергиянын кайра жаралуучу булактарынан электр энергиясын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы БАЭнин “МАСДАР” компаниясы менен келишимге кол койду. Бул тууралуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Умбриель Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, күндөн жаралган таза жашыл энергия үчүн 1 гигаваттык ири келишим түзүлгөн жана анын биринчи фазасынын кубаттуулугу 200 мегаватты түзөт.

“Мекенибиз электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө муктаж, ошону менен бирге бул транзакция Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгына карай жана абанын булганышына каршы күрөштө ишенимдүү кадам болуп саналат. Биз комплекстүү түрдө келишимди жыйынтыктап, 8 саат бою Таалайбек Ибраев, КРнын БАЭдеги элчилиги жана “МАСДАР” компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Биз өлкөнүн бардык кызыкчылыктарын ийгиликтүү коргой алдык деп эсептейм жана КРнын делегациясынын БАЭдеги иш сапарынын акыркы күнүндө келишимге кол коюлду”, – дейт ал.

Түзүлгөн келишимдин негизинде 4 ай Masdar компаниясы изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт. План боюнча станция 2025-жылы эксплуатацияга берилет. Инвестор катары Masdar компаниясы 200 МВтка 180 млн доллар андан ары 1 млрд долларга чейин салым кошот. Мындан тышкары, Энергетика министринин презентациясынан соң Masdar компаниясы “гидроэнергетикага” дагы салым кошууга кызыктар экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолуп, алдыдагы максат-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, мамлекеттик каржы кыйла бекемделгенин белгиледи. Президенттин айтымында, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаанын жол-транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча "Фрунзе" турак жай комплексине жана "Ала-Арча" соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалууда. Мындан тышкары, шаарда эки жаңы

"Соң-Көл балык чарбасы"  3 көлгө  1 млн 800 миң чабак кое берди

"Соң-Көл балык чарбасы" 3 көлгө 1 млн 800 миң чабак кое берди

2026-жылдын 8–9-апрель күндөрү “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын жалпы 1 миллион 800 миң даана чабактарын коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025–2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Батай деп аталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Батай деп аталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болгон ак илбирске Батай деген ысым берилгенин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Батай ысымы терең маанини билдирет. “Ба” – “барс” сөзүнөн алынган, күч, эркиндик жана ички кубатты түшүндүрөт. Тумар дал ушул кар барсынын образын жаратат. “Тай” – “таяныч” сөзүнүн кыскартылган түрү. Бул ички өзөк, тең салмак