МЖӨ борбору 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду

МЖӨ борбору 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору (МЖӨ) 2022-жылы 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

«Буга чейин биздин долбоордук портфелибиз 32 долбоор болсо, 2022-жылдын аягына карата 56 долбоорду түздү. 2022-жылы тартылган инвестициянын жалпы суммасы 30 млрд сомдон ашык сумманы түзүп, 15 келишимге кол коюлду», – деди Болотов.

Ошондой эле ал учурда жалпысынан 18 долбоор ишке ашырылып, алар менен келишим түзүлгөнүн, 4 долбоор конкурс этабында, 3 долбоор тикелей сүйлөшүү этабында, 31 долбоор даярдалып жатканын кошумчалады. Кол коюлган келишимдердин алкагында 500дөн ашык жумуш оруну түзүлмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк номерлүү, мыйзамсыз унаалар сыртка чыгарылат же утилдештирилет

Чет өлкөлүк номерлүү, мыйзамсыз унаалар сыртка чыгарылат же утилдештирилет

Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар, легалдаштыруудан өтпөгөн автоунааларды жөнгө салуу боюнча президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, мындай унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-майына чейин алардын кийинки тагдырын өз ыктыяры менен чечүү үчүн мөөнөт берилет. Тактап айтканда, автоунааны өлкөдөн чыгарып кетүү, тетиктерге сатуу же утилдештирүү каралган. Эгерде белгиленген мөөнөттө

Кыргызстан Германия менен стратегиялык тармактарда кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан Германия менен стратегиялык тармактарда кызматташууну күчөтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа иштери боюнча мамлекеттик министри Гюнтер Кричбаумду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык багыттардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан банктарында 1,3 млрд ликвиддүү акча каражаттары бар, бирок алардын көбү пайдаланылбай турат – Г.Керимкулова.

Кыргызстан банктарында 1,3 млрд ликвиддүү акча каражаттары бар, бирок алардын көбү пайдаланылбай турат – Г.Керимкулова.

Азия өнүктүрүү банкынын "Азия өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова Кыргызстандагы банктарда болжол менен 1,3 млрд доллар көлөмүндө ликвиддүү каражаттар бар экенин жана бул ресурстардын олуттуу бөлүгү колдонулбай турганын билдирди Азия өнүктүрүү банкынын изилдөөсүнүн бул жылдагы негизги темасы

Бишкектин Ак-Тилек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Ак-Тилек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, бала бакча Ак-Шоокум көчөсүндө жайгашып, 100 орунга ылайыкталган. Долбоордун тапшырыкчысы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы болсо, курулуш иштерин "ПСО Адис Строй" ЖЧКсы жүргүзүүдө. Объект борбор калаанын Свердлов районунда