Бишкектин Ак-Тилек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Ак-Тилек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча Ак-Шоокум көчөсүндө жайгашып, 100 орунга ылайыкталган.

Долбоордун тапшырыкчысы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы болсо, курулуш иштерин "ПСО Адис Строй" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Объект борбор калаанын Свердлов районунда жайгашып, жер тилкесинин аянты 0,2179 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 1042,05 чарчы метрди түзөт.

Учурда курулуш иштеринин алкагында темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлүп, чатырын жабуу жана кирпич дубалдарын тургузуу иштери жүрүп жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди