Прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды

Прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК Башкы прокуратура менен чогуу жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалган.

УКМКнын берген маалыматына таянсак, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М.Ш., адвокат Т.З.М. жана жеке аудитор Т.С.Т. кармалды.

“Аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алышып, КРнын Б.К.С. аттуу жаранына карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Башкы
прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолуп, алдыдагы максат-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, мамлекеттик каржы кыйла бекемделгенин белгиледи. Президенттин айтымында, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаанын жол-транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча "Фрунзе" турак жай комплексине жана "Ала-Арча" соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалууда. Мындан тышкары, шаарда эки жаңы

"Соң-Көл балык чарбасы"  3 көлгө  1 млн 800 миң чабак кое берди

"Соң-Көл балык чарбасы" 3 көлгө 1 млн 800 миң чабак кое берди

2026-жылдын 8–9-апрель күндөрү “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын жалпы 1 миллион 800 миң даана чабактарын коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025–2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Батай деп аталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Батай деп аталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болгон ак илбирске Батай деген ысым берилгенин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Батай ысымы терең маанини билдирет. “Ба” – “барс” сөзүнөн алынган, күч, эркиндик жана ички кубатты түшүндүрөт. Тумар дал ушул кар барсынын образын жаратат. “Тай” – “таяныч” сөзүнүн кыскартылган түрү. Бул ички өзөк, тең салмак