Акылбек Жапаров: Майлуу-Суу заводу күнү-түнү иштеши керек - 1 млрд сом кредит берилген

Акылбек Жапаров: Майлуу-Суу заводу күнү-түнү иштеши керек - 1 млрд сом кредит берилген

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча бет ачар сунушталды.

Белгилей кетсек, заводго 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип, 400 млн сом өлчөмүндөгү биринчи транш бөлүнгөн.

“Завод керек болсо күнү-түнү, бир нече нөөмөт менен иштеши керек. Министрлер кабинети ишканага бюджеттик кредит берди жана биз насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Шаардагы маанилүү ишкананын өндүргөн продукциясы бардык талап кылынган стандарттарга жана жогорку сапатка дал келиши керек. Завод бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштер менен камсыз кылышы зарыл”, – деди Жапаров. 

Мындай чечим «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКтын жумуш орундарын кыскартууга жол бербөө жана анын каржылык абалын жакшыртуу, шаар түзүүчү ишканага колдоо көрсөтүү жана жарыктандыруу тармагын мындан ары өнүктүрүү максатында кабыл алынган.


Эске сала кетсек, буга чейин Economist.kg маалымдагандай, 2021-жылдын декабрында компаниянын 100% акциясын Финминдин Финансы-кредиттик фонду дээрлик 180 млн сомго сатып алган. Быйыл жайында завод акционердик коом болуп кайра түзүлгөн. «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКга 400 млн сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы 220 кластердик мектеп заманбап STEM жабдуулар менен камсыздалды

Кыргызстандагы 220 кластердик мектеп заманбап STEM жабдуулар менен камсыздалды

Кыргызстанда 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар жана практикага багытталган, санариптик окутууну камсыздаган маалыматтык-коммуникациялык каражаттар менен камсыздалганын Агартуу министрлигинен билдирди. Жабдууларды жеткирүү өлкөдө билим берүү тутумун масштабдуу түрдө трансформациялоого, анын ичинде мектептерде STEM-предметтерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган "Алтын казык" мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү. Лаборатори

Ак-Суу айыл аймагында 10 гектар кайрак жер завод куруу үчүн трансформацияланат

Ак-Суу айыл аймагында 10 гектар кайрак жер завод куруу үчүн трансформацияланат

Министрлер кабинети Чүй облусундагы жер тилкесин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай багытындагы жерлер категориясына өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Тиешелүү токтомго 2026-жылдын 2-февралында кол коюлган. Сөз Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги 10 гектар кайрак айдоо жери тууралуу болуп жатат. Жер тилкеси тамчылатып жана жамгырлатып

Бишкектеги 13 сейил бактагы соода орундары ижарага берилет

Бишкектеги 13 сейил бактагы соода орундары ижарага берилет

Бишкектеги 13 сейил бакта жайгашкан 36 соода орду ижарага берилерин мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандардан арыздар эртеңден тарта кабыл алына баштайт. Ижарага ала турган орундарда балмуздак, суусундук, кофе, попкорн, таттуулар, балдар оюнчуктары, китептер сатылып, велосипед, балдар унааларын жана каркастуу батуттарды ижарага берүү каралган. Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими боюнча, бир

Нурланбек Тургунбек уулу КРнын ЖКнин төрагасы кызматынан кетти

Нурланбек Тургунбек уулу КРнын ЖКнин төрагасы кызматынан кетти

Бүгүн КРнын ЖКнин спикери Нурланбек Тургунбек уулу ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетип жаткандыгын ЖКтин отурумунда жарыялады. “Бүгүн КРнын ЖКнын төрагасы кызматынан өз эрким менен кетүүгө чечим кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким басым - кысым көрсөткөн жок. Мен андайга жол да бербейм. Өлкөдө стаилдүүлүк болуш керек,