Дагы 14 жылдан соң 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот

Дагы 14 жылдан соң 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот

2040-жылга чейин 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болорун "Казинформ" Анадолу агенттигинин маалыматына таянып жазды.

Калктын өсүшү, климаттын өзгөрүшү жана керектөөнүн көбөйүшү суу ресурстарына болгон суроо-талапты күчөтүп, суу коопсуздугун негизги глобалдык көйгөйгө айландырууда.

Божомолдор боюнча, 2040-жылга чейин 33 өлкө "суу тартыштыгы өтө жогору" зонасында болот.

Дүйнөлүк ресурстар институту (WRI) 167 өлкөнү камтыган изилдөөсүндө калктын өсүшү, шаарлардын өнүгүшү жана климаттын өзгөрүшүнүн шартында суу запастарынын тездик менен азайып баратканын көрсөтүп турат.

Бул көйгөй өзгөчө Жакынкы Чыгышта курч, анткени ал жерде суу коопсуздугу дүйнөдөгү эң төмөнкү деңгээлде. Региондогу көптөгөн өлкөлөр жер астындагы сууларга жана кымбат баалуу деңиз суусун тузсуздандыруу технологияларына таянат.

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Жер шарында 2 миллиарддан ашык адам ичүүчү сууга муктаж.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн