Осмон Ата жаңы конушунда 12 үй жол куруу үчүн түрттүрүлөт

Осмон Ата жаңы конушунда 12 үй жол куруу үчүн түрттүрүлөт

Бишкек шаарындагы Осмон-Ата турак жай массиви аймагында Чыгыш айланып өтүүчү жолдун курулушуна байланыштуу бузула турган 12 үйдүн ээлерине компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынганын 10-апрелде борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жер тилкелери боюнча ээлерине тең баалуу жер берүү же мыйзамда каралган башка альтернативалуу варианттарды сунуштоо максатында алмашуу жүргүзүлөт.

Чыгыш айланып өтүүчү жолдун болжолдуу узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында мамлекеттик өнөктөш жалпы аянты болжол менен 79,8 гектар жерди бөлүп берет. Анын ичинен:

  • 64,8 гектары түздөн-түз жол курууга,
  • 15 гектары төлөм алуу пункттары жана тиешелүү инфраструктура үчүн каралган.

Жаңы жолду учурдагы жол тармагы менен туташтыруу үчүн кошумча жол тилкелери курулат.

Долбоор төрт негизги магистралдык көчөнү камтыйт:

  • Сухэ-Батор менен Ауэзов көчөсүнөн жаңы жолго чейин;
  • Жукеев-Пудовкин — Аалы Токомбаев көчөлөрүнөн Балык Кумар көчөсүнө чейин;
  • Путепроводная (Лев Толстой) — Ауэзов көчөлөрүнөн жаңы жолго чейин;
  • Ахунбаев — Ауэзов көчөлөрүОснөн жаңы жолго чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Кыргызстандын базарларында брокколи импорттук азык катары саналат, бирок жергиликтүү фермерлер бул өсүмдүктү өзүбүздө өстүрүүнү өздөштүрө башташты. Алардын бири - Чүй облусундагы Адилхан Мирлан уулунун чарбасы. Быйыл фермер брокколи экинчи жолу өстүрүп жатат. Алгачкы жылы 50 сотых жерге эгилсе, быйыл аянт үч гектарга чейин көбөйгөн. Учурда түшүм жыйноо уланууда. Чарбада жалпысынан 60

Ишкер Media
Тамчыдагы курулушта экологиялык мыйзам бузулуп, 28 миң сом айып салынды

Тамчыдагы курулушта экологиялык мыйзам бузулуп, 28 миң сом айып салынды

Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы курулуш объектисинде экологиялык талаптар бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыдалгандай, жергиликтүү тургундун кайрылуусунан кийин жүргүзүлгөн текшерүүдө курулуш компаниясынын септиги жана саркынды сууларды башкаруу талаптарга жооп бербегени белгилүү болду. Натыйжада Укук бузуулар кодексине ылайык компанияга 28 000 сом айып салынды. Ошондой эле септиктеги

Ишкер Media
Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бир күндүк жалданма жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартибин киргизүү сунушталып жатканын билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Ысабековдун айтымында, азыр такси жана курьерлер үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жөнөкөй механизми иштеп жатат. Эми ушул

Ишкер Media
Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media