Бийлик өзүнө Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын лизингге алат

Бийлик өзүнө Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын лизингге алат

Кыргыз бийлиги иш сапарларга учуу үчүн Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын алууну көздөөдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат.

“Бул же Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот. Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон.

Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катар Мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров Катарга футбол көрүүгө жеке бизнес учак менен барган. Журналисттер Бишкектен Дохага учуунун баасы 25-30 миң доллар болгонун иликтеп чыгышкан. Акыркы бир жыл ичинде бул Садыр Жапаровдун жеке учак менен бешинчи жолу учушу. Буга чейин ал бизнес учак менен Глазго, Пекин, Нью-Йорк жана Астанага барып келген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан алкоголду колдонуу боюнча канчанчы орунда?

Кыргызстан алкоголду колдонуу боюнча канчанчы орунда?

Кыргызстанда бир адамга жылына орто эсеп менен 5 литр таза спирт туура келерин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алкоголдун ден соолукка тийгизген таасиринин учурдагы тенденциялары боюнча глобалдык отчетунда келтирген. Өлкөдө эркектер орто эсеп менен 8,7 литр, ал эми аялдар 1,5 литр алкоголь колдонушат. Азия өлкөлөрүндө алкоголду көп колдонгон 10

Осмон Ата жаңы конушунда 12 үй жол куруу үчүн түрттүрүлөт

Осмон Ата жаңы конушунда 12 үй жол куруу үчүн түрттүрүлөт

Бишкек шаарындагы Осмон-Ата турак жай массиви аймагында Чыгыш айланып өтүүчү жолдун курулушуна байланыштуу бузула турган 12 үйдүн ээлерине компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынганын 10-апрелде борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жер тилкелери боюнча ээлерине тең баалуу жер берүү же мыйзамда каралган башка альтернативалуу варианттарды сунуштоо максатында алмашуу жүргүзүлөт.

Дагы 14 жылдан соң 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот

Дагы 14 жылдан соң 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот

2040-жылга чейин 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болорун "Казинформ" Анадолу агенттигинин маалыматына таянып жазды. Калктын өсүшү, климаттын өзгөрүшү жана керектөөнүн көбөйүшү суу ресурстарына болгон суроо-талапты күчөтүп, суу коопсуздугун негизги глобалдык көйгөйгө айландырууда. Божомолдор боюнча, 2040-жылга чейин 33 өлкө "суу тартыштыгы өтө жогору" зонасында болот. Дүйнөлүк ресурстар

Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

9-апрелде Бишкекте өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль жеңип алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ал 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн