«Дос-Кредобанк» таза кирешесинин 25%ын акционерлерине берет
«Дос-Кредобанк» ААК 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча таза кирешесинин 25%ын акционерлерине берет. Мындай чечим акционерлердин 8-декабрдагы кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун жүрүшүндө 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын таза кирешесинин 25%ын акционерлерге бөлүп берүү чечими кабыл алынды.
2021-жылы акциянын бир дивидендинин өлчөмү 37.6 сомду түздү. Дивиденддерди төлөөнүн формасы накталай акча түрүндө болот. Дивиденддер 12-декабрдан тартып төлөнө баштайт.