Кыргызстандан БАЭге товар экспорттоо үч жылда 5 эсеге өстү
2019-2021-жылдары Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) товарлардын экспорту беш эседен ашык өстү. Мындай маалыматты КРнын Экономика министрлиги билдирди.
Кыргызстан БАЭ менен соода алакасында экспортту 10 млн доллардан 55 млн долларга чейин көбөйттү.
Негизги экспорттолуучу товардык топторго — механикалык жана электр жабдуулары, минералдык азыктар, оптикалык жабдуулар, бал, эт азыктары (кой эти), тамеки, жаңгак кирет.
Ошол эле кезде БАЭден КРга импорт 32%га, тагыраак айтканда, 11 млн доллардан 15 млн долларга чейин өстү. Импорттун негизги үлүшүн даяр тамак-аш, механикалык жана электр жабдуулары, химиялык жана тамеки азыктары, чай, чийки пальма майлары туура келген.