Мамлекеттик кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди

Мамлекеттик кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.  

Минкабдын берген маалыматына ылайык, аталган чечим КРнын Салык кодексинин 107-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган жана минкаб төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI-155)
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү тартиби
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификатору
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын параметрлери
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө жобо
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган, же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү тартиби.

Белгилесек, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте “Жеңиш” конушунда  суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте “Жеңиш” конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

17-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин "Жеңиш" турак жай конушундагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, суунун өчүрүлүшү "Жеңиш" суу топтомосундагы авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт. "Бишкексууканал"

"Агродиалог–2026" форумуна быйыл чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистер келет

"Агродиалог–2026" форумуна быйыл чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистер келет

"Агродиалог–2026" агроөнөр жай форуму быйыл эл аралык деңгээлде өтөрүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Катар, Кытай жана коңшу мамлекеттерден тажрыйбалуу адистер менен эксперттер келип, заманбап технологиялар жана натыйжалуу агроыкмалар боюнча өз тажрыйбасын бөлүшөт. Чет өлкөлүк адистер сугат системаларын өркүндөтүү, жогорку

Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен Бакай-Ата районунда март айынан баштап электр тармактарын модернизациялоо жана тейлөө иштери жүргүзүлөт. Муну менен район калкы сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Жалпы пландалган иштер: * 10 кВ аба чубалгысында 29,985 км аралыкта капиталдык ремонт, 295,270 кмде техникалык тейлөө;

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинде Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотацияларды берүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы — АМС "Дотация" иштелип чыкты. Системаны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси түздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, AMS "Дотация" дотацияларды алуу