Садыр Жапаров Катарга футбол көрүүгө жеке бизнес учагы менен барды - ал 25-30 миң доллар турат

Садыр Жапаров Катарга футбол көрүүгө жеке бизнес учагы менен барды - ал 25-30 миң доллар турат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-декабрда жеке бизнес учагы менен Катарга футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалын көрүү үчүн барды. Бишкектен Дохага учуунун баасы 25-30 миң долларды түзөт.

Катарга жеке учак менен учуп кеткенин Kaktus.media сайты жазып, Qatar News Agency порталынан Жапаровдун Дохага келген сүрөттөрүн тапкан. Сүрөттөрдүн биринде жеке учак тартылган.

Президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун «жумушчу сапары» тууралуу билдирүүсүндө Жапаровдун Дохага келгени тартылган сүрөттөрдү берип, бирок учактын сүрөтүн көрсөткөн эмес.

Kaktus.media сайтынын маалыматына таянсак, Кыргызстандан Катарга учкан Embraer Legacy 600 жеке бизнес-учагы www.flightradar24.com порталына кирип калган. Бишкектен Дохага жана кайра кайтып келүү канча турары белгисиз, бирок бизнес-джеттердин онлайн-калькуляторлору боюнча бул каттам боюнча учууга орточо эсеп менен 50-60 миң доллар керектелет.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен барганын, андан тышкары, ал Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушканын, өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүшкөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, акыркы бир жыл ичинде бул Садыр Жапаровдун жеке учагы менен бешинчи жолу учушу. Буга чейин КРнын башчысы бизнес учак менен Глазго, Пекин, Нью-Йорк жана Астанага барып келген.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.

Таластагы медколледжде “өлүк жандар” схемасы ачыкталды

Таластагы медколледжде “өлүк жандар” схемасы ачыкталды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгында Талас шаарындагы медициналык колледжде ишенип берилген мүлктү ысырап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2026-жылдын мартына чейин бир жаран расмий түрдө жумушка кабыл алынганы менен, иш жүзүндө эмгек милдеттерин аткарган эмес. Ошого карабастан, ага жалган табелдердин негизинде үзгүлтүксүз айлык маяна

Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Азия өнүктүрүү банкынын "Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы 10-апрелде Бишкекте өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөштү. Башкы экономист Кыргызстандын макроэкономикалык божомолун тааныштырды. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, Кыргызстан Борбор Азия жана Кавказ аймагында ИДПнын өсүшү боюнча

Социалдык фонддо пенсияны жаңыча дайындоо системасы июлда ишке кирет

Социалдык фонддо пенсияны жаңыча дайындоо системасы июлда ишке кирет

Социалдык фонд жарандарга курагы боюнча пенсияны онлайн түрүндө дайындоого мүмкүндүк бере турган системаны иштеп чыгууда. Соцфонддун коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Женишбек Мукамбетовбилдиргендей, бул автоматташтырылган маалыматтык система болот. Анын жардамы менен жарандарга документтерди чогултуп, мекеменин бөлүмдөрүнө барып арыз тапшыруунун кереги жок болот. «Эркектер 63 жашка, аялдар 58 жашка