Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды.

Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.

Президент аймактагы калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык маанилүү объектилерди ачуу жана курулуштарды баштоо аземдерине катышары пландалууда.

Мамлекет башчынын облустагы сапары 15-апрелге чейин уланат. Бул убакытта Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барып, айрым имараттардын курулушу менен таанышып, кээ бирлеринин ачылышына катышат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Жапаровду тосуп алды. Лидерлер саламдашып, биргелешип сүрөткө түштү. Сүрөткө түшүү аземинде Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян,

Ишкер Media
Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөндөйт. Буга өлкөдөгү кант заводдорунун өндүрүш көлөмү ички керектөөдөн жогору экени себеп болот. Бул тууралуу Кумшекер кластеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү эки кант заводу ай сайын 20–25 миң тонна кумшекер өндүрөт. Ал эми ички керектөө айына болжол менен 8 миң

Ишкер Media
Партадан башталган стартап

Партадан башталган стартап

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду - “Партадан башталган стартап” атту сынакты уюштурууда. Сынакка билдирүүлөрдү кабыл алуу 2026- жылдын 2- ноябрына чейин созулат. Билдирүүгө караганда, сынак мектепте же колледжде окуп, өз бизнес-идеясын ишке ашырууну кыялданган жаштарга арналат. Сынактын максаты: ·       Мектеп окуучуларынын, орто кесиптик билим

Ишкер Media
Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.

Ишкер Media