Бишкектен Караколго ыңгайлуу GoBus маршруттук каттамдар жүрө баштайт
26-декабрдан баштап Бишкек – Каракол – Бишкек багытындагы маршруттук каттам ишке кирет. Эми Караколго ыңгайлуу GoBus унаалары менен жетүүгө болот. Бул тууралуу КР Туризмди колдоо фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Шаттлдын артыкчылыктары болуп тейлөөнүн жогорку стандарттары, так графиктер, акысыз Wi-Fi жана коопсуздук эсептелет. Автобустар Ысык-Көл облусунун түндүк жээги менен Караколго каттайт.
Аялдамалар: Бишкек, Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьево, Түп, Каракол. Жол кире 450 сом өлчөмүндө болот. Билетти Go Bus мобилдик тиркемесинен буюртма берсе болот.