Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү мыйзам талаптарына жана рыноктук шарттарга ыңгайлашууга жардам көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, бүгүн, 9-апрелде Ташкент шаарындагы “Food City” соода комплексинин аймагында “Медовая Артель” ЖЧКсы үчүн соода аянтын ижарага алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул Өзбекстандын рыногунда ата мекендик продукцияны чекене сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Жакында 4 тонна табигый балдын алгачкы экспорттук жеткирүүлөрүн уюштуруу пландалууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат

Кыргыз балын Сауд Арабия рыногуна экспорттоо маселеси көтөрүлдү

Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды