Транспорт министрлиги жолдорду кулаган таштардан тосуу үчүн Кытайдан 59 млн доллар грант алууну көздөөдө

Транспорт министрлиги жолдорду кулаган таштардан тосуу үчүн Кытайдан 59 млн доллар грант алууну көздөөдө

Кыргызстан Кытайдан 59 млн доллар грант алууну пландап жатканын Транспорт министрлигинин башчысы 20-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаевдин айтымында, Кытайдан алынчу каражат Түндүк-Түштүк жолунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу объектилерди курууга жумшалат. Ал аталган багыттагы жолдо таштардын кулап жатканы байкалганын кошумчалады.

«Беш объекттин курулушу каралууда: үч галерея жана эки көпүрө. Жалпы баасы 59 млн долларды түзөт. Кытай менен гранттык келишимдин долбоору даярдалып жатат», – деген ал трассанын экинчи фазасы ишке берилгенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы  268 трансформатор орнотулат

Кыргызстанда 2026-жылы 268 трансформатор орнотулат

2026-жылы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК 268 трансформатор сатып аларын Энергетика министрлигинен билдиришти. Анын ичинен жогорку чыңалуудагы 35-110 кВ тармактарында 20 көмөк чордондо күч трансформаторлорунун кубаттуулугу кошумча 256 мегавольт-амперге( МВА) көбөйтүлөт: * Бишкек шаарында — 2; * Жалал-Абад облусунда — 5; * Ысык-Көл облусунда — 5; * Нарын облусунда — 2; * Талас облусунда — 2; * Чүй облусунда

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR-төлөмдөрдүн жүгүртүүсү рекорддук көрсөткүчкө жеткенин Улуттук банк билдирди. Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, 2025-жылы соода жана тейлөө ишканаларында 114,1 миң QR-код орнотулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 95,3%га көп. Негизги оператор аркылуу бир жыл ичинде 908,6 млрд сом суммасында 525,1 млн транзакция жүргүзүлгөн. 2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин ресурстары туруктуу өсүштү көрсөттү. Тактап айтканда, көрсөткүчтөр 313,1 млрд сомдон 1 101,4 млрд сомго чейин көбөйүп, беш жыл ичинде 3,5 эсеге өстү. Бул фискалдык саясаттын натыйжалуулугун жана мамлекеттик киреше булактарынын олуттуу кеңейгенин тастыктайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик

АКШ   Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

АКШ Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

БУУ Американын дээрлик 4 млрд доллар карызынын канча бөлүгүн Трамптын администрациясы төлөй турганын жана ал качан берилерин тактоону күтүп жатканын билдирди деп маалымдайт Kazinform. Өткөн жумада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмдун финансылык эрежелери өзгөртүлбөсө же 193 мүчө мамлекет өз мүчөлүк акыларын төлөбөсө, БУУ жакын арада финансылык кризиске кабыларын эскертти.