Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тартып кош бойлуулукка жана төрөткө берилчү жөлөк пулдар көбөйөт

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тартып кош бойлуулукка жана төрөткө берилчү жөлөк пулдар көбөйөт

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тарта кош бойлуулукка жана төрөткө берилчү жөлөк пулдардын өлчөмү көбөйөт. Тиешелүү мыйзам долбоору Эмгек министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду. Документ министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.

Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясына ылайык, жөлөк пулдун өлчөмү аялга жана анын баласына жакшы жашоого шарт түзүүгө жетиши керек. Бирок Кыргызстанда орточо жөлөкпул эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимумуна дал келбейт, ал 2022-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча 8100 сомду түзгөн.

Бүгүнкү күндө бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда иштеген аялдар эмгек стажына карабастан, толук эмгек акысынын өлчөмүндө пособие ала алышат. Бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө төлөмдөр жүргүзүлөт.

Жөнөкөй жерлердеги аялдарга жөлөкпул биринчи он жумуш күнүнө эмгек акысынын 100% өлчөмүндө, ал эми он биринчи жумуш күнүнөн тартып – 1000 сом өлчөмүндө дайындалат. Жөлөк пулдун орточо өлчөмү түздүк аймактарда аялдар үчүн 3.7 миң сом, ал эми бийик тоолуу аймактарда сегиз эседен ашык — 32.9 миң сом болот.

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын тез өсүшүн эске алуу менен түздүктө иштеген аялдарды кош бойлуу жана төрөт мезгилинде социалдык жактан колдоо жөлөкпулдун өлчөмү 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, 11-жумуш күнүнөн баштап айына 1000ден 2000ге чейин көбөйтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен