Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу боюнча ТЭН 2023-жылдын 1-июнуна чейин бүтүш керек

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу боюнча ТЭН 2023-жылдын 1-июнуна чейин бүтүш керек

Техникалык экономикалык негиздеме (ТЭН) боюнча бардык жумуштар, анын ичинде аны баалоо 2023-жылдын 1-июнуна чейин бүтүшү керек. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Европа Биримдигине товарларды жеткирүүнү камсыздай алат.

Долбоор жүктөрдү жеткирүүнүн аралыгын жана убактысын (700 км жана ташуу убактысы 10 күнгө чейин) кыскартуу аркылуу транзиттик ташуулардын эл аралык рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатат. 1000ден ашык адам иш менен камсыз кылынат.

Ошондой эле 2022-жылдын июнь-июль айларындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун КРнын аймагы аркылуу өтүүчү бөлүгүн куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну макулдашышканы белгиленген.


Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору (Кыргызстандын аймагындагы участок) боюнча кызматташуу боюнча Кытай Эл Республикасынын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитети, КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен ӨРнын Транспорт министрлигинин ортосунда меморандумга кол коюлган. 

Документте КРнын аймагындагы Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад каттамынын бириктирилген варианты боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

Тараптар Кыргызстанда ТЭН жүргүзүүдө Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна активдүү кызматташып, биргелешип колдоо көрсөтүшөт. ТЭН боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо убактысын кошкондо) 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес болушу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен