Жарандардын банктык сырына кирүү укугу Салык кызматынын атайын тобуна берилет – Экономика министрлиги

Жарандардын банктык сырына кирүү укугу Салык кызматынын атайын тобуна берилет – Экономика министрлиги

Салык кодексине киргизилген жаңы түзөтүүлөрдө мамлекеттик органдарга банктык маалыматтарды берүү боюнча өзгөртүүлөр сунушталууда. Бирок бул маалыматтар менен Салык кызматындагы аналитикалык топ гана иштейт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Бизнес-акыйкатчы институтунун түз эфиринде билдирди.

Министрлик банктык маалыматтар берген маалыматтары отчетторуна туура келбеген ишкерлерге гана тиешелүү болорун айтат. Аналитикалык топ салык төлөөдөн качуу аракеттерин гана аныктайт. Бирок бул эреже жеке жарандардын эсебинде ири суммадагы акчанын шектүү операциялары болгон учурда да колдонулушу мүмкүн.

«Дүйнөлүк банк бизге көптөгөн өлкөлөрдө мындай тажрыйба бар экенин айтты. Бул ишкерлерге гана тиешелүү», – деди министрликтин өкүлү.

Экономика министрлиги салык органдарына банк кызматкерлери менен бирдей жоопкерчилик жүктөлөрүн баса белгиледи. Маалыматтын чыгып кетиши коммерциялык банк тарабынан да болушу мүмкүн.


Эскерте кетсек, өткөн жылы кодекске өзгөртүүлөр киргизилип жатканда Эл аралык Ишкерлер Кеңеши бизнес-коомчулуктун атынан президентке кайрылуу жасаган жана анда бул жобо банктык сырды сактоо боюнча банк мыйзамдарына карама-каршы келерин жана мындай маалымат соттун чечими менен гана берилиши керек деп эсептей тургандыгын айткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен