Коммерциялык банктардын кирешеси январь-ноябрь айларында 21.7 млрд сомго жетти - бул жаңы рекорд
Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы кирешеси 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Улуттук банктын алдын ала маалыматы боюнча 21 млрд 732 млн сомду түздү.
Отчеттук мезгилде алынган таза кирешенин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5.5 эседен ашык, банктар 3 млрд 935 млн сом пайда алышкан.
Алынган пайданын көлөмү Кыргызстандын бүткүл тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча банктардын жалпы кирешеси болгону 3.6 млрд сомду, 2020-жылы 2.3 млрд сомду, 2019-жылы 3 млрд сомду түзгөн.