Түркмөнстандан сатып алынган электр энергиясын Өзбекстан Кыргызстанга эмки жылы кайтарып берет

Түркмөнстандан сатып алынган электр энергиясын Өзбекстан Кыргызстанга эмки жылы кайтарып берет

Өзбекстандын Энергетика министрлиги Түркмөнстандан сатып алынган, бирок ортодон колдонуп жиберген Кыргызстанга таандык электр энергиясын 2023-жылы кайтарып берүү боюнча келишимди жарыялады. Бул тууралуу маалыматты Өзбекстандын ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтердин ортосундагы келишимдерге ылайык, тараптар бекитилген графиктер боюнча электр энергиясын бири-бирине жөнөтүп турат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин түшүп кетпеши үчүн тараптар Кыргызстанга түркмөн газынан өндүрүлгөн электр энергиясын берүүнү макулдашкан.

«Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы Өзбекстандын энергетикалык системасы аркылуу 2023-жылы өткөрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырганын Ош мэриясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган клубда транспорт муктаждыгы болуп, оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар жаралып келген. "Бул демилге спортту өнүктүрүүгө жана футболчуларга жакшы шарттарды камсыздоо максатында ишке ашырылды",-деп айтылат маалыматта.

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш-планына ылайык, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүм тарабынан Кемин районунда 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил үчүн аудит жүргүзүлдү. Аудиттин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин түзүү жана аткаруу, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Кыргызстанда жалпысынан 540тан ашык балык чарбасы катталганын Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, аталган балык чарбалары ветеринардык-санитардык нормаларга дал келип, талаптар менен ченемдерге ылайык салынган. "Бүгүнкү күндө балык чарбасы айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарынын бири

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген. "Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон