Улуттук банктын кирешеси январь-ноябрь айларында 33%га азайды

Улуттук банктын кирешеси январь-ноябрь айларында 33%га азайды

Январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Улуттук банк 8 млрд 816 млн сом киреше алды. Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 млрд 357 млн сомго (-33%) аз, анда көзөмөлдөөчү органдын кирешеси 13.17 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында берилген.

2022-жылдын 30-ноябрына карата Улуттук банктын активдери 366.7 млрд сомду түздү (2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу +21%). Милдеттенмелер 320 млрд сомго чейин көбөйгөн (+33%). Жалпы капиталы 46.7 млрд сомду түздү.

Эске салсак, өткөн жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банк 10.9 млрд сом киреше тапкан. 2020-жылы регулятор жылдын жыйынтыгы боюнча 8.5 млрд сом өлчөмүндө киреше тапкан.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырганын Ош мэриясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган клубда транспорт муктаждыгы болуп, оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар жаралып келген. "Бул демилге спортту өнүктүрүүгө жана футболчуларга жакшы шарттарды камсыздоо максатында ишке ашырылды",-деп айтылат маалыматта.

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш-планына ылайык, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүм тарабынан Кемин районунда 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил үчүн аудит жүргүзүлдү. Аудиттин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин түзүү жана аткаруу, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Кыргызстанда жалпысынан 540тан ашык балык чарбасы катталганын Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, аталган балык чарбалары ветеринардык-санитардык нормаларга дал келип, талаптар менен ченемдерге ылайык салынган. "Бүгүнкү күндө балык чарбасы айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарынын бири

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген. "Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон