USAID Бишкекти ыштан тазалоого жардам берет

USAID Бишкекти ыштан тазалоого жардам берет

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, баш калаанын абасын тазалоого жардам бермекчи. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 20-декабрында Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин администраторунун орун басары Анжали Каур менен жолугушу өткөрдү. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстанга берилип жаткан жардамдардын натыйжалуулугун күчөтүүнүн айланасында пикир алмашуу болду.

Бакыт Аманбаев Кыргызстандын өзгөчө жардамга муктаж болгон тармактарын ырааттуу, негиздүү түшүндүрүп, АКШ өкмөтү тарабынан бериле турган жардамдардын баарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана борбор калаа Бишкектин аба ырайын жакшыртууга буруу зарылдыгын белгиледи.

Америкалык тарап элчи Бакыт Аманбаевдин сунуштарын колдоо менен өткөн айда АКШ бийлиги Баткен элине бир учак толо баш аягы 8 млн сомдук гуманитардык жардам жеткиргендигин белгилеп, АКШ өкмөтү жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, баш калаанын абасын тазалоого жардам берилээрин маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырганын Ош мэриясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган клубда транспорт муктаждыгы болуп, оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар жаралып келген. "Бул демилге спортту өнүктүрүүгө жана футболчуларга жакшы шарттарды камсыздоо максатында ишке ашырылды",-деп айтылат маалыматта.

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш-планына ылайык, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүм тарабынан Кемин районунда 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил үчүн аудит жүргүзүлдү. Аудиттин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин түзүү жана аткаруу, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Кыргызстанда жалпысынан 540тан ашык балык чарбасы катталганын Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, аталган балык чарбалары ветеринардык-санитардык нормаларга дал келип, талаптар менен ченемдерге ылайык салынган. "Бүгүнкү күндө балык чарбасы айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарынын бири

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген. "Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон