Бул жылы дыйканчылык азыктарынын экспорту 145%га, мал чарбасынын азыктары 350%га өстү

Бул жылы дыйканчылык азыктарынын экспорту 145%га, мал чарбасынын азыктары 350%га өстү

Кыргызстандын айыл чарба жана мал чарбачылыгындагы кайра иштетилген азыктар кошуна өлкөлөрдүн базарында суроо-талапка ээ болуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылы дыйканчылык азыктарынын экспорту 145%га өстү.

“Ал эми мал чарба азыктары болсо 350%га өстү. Мал чарба экспортун жогорку деңгээлге чыгара алдык. Балык чарбасынын экспорту болсо эки эсеге көбөйдү”, – деди Жаныбеков.

Ошондой эле министр дыйкандарга шарт түзүү боюнча жеңилдетилген насыялардан тышкары, агроөнөр жай комплексин колдоо боюнча финансылык продукт иштелип чыкканын, класстердик ыкма менен иш алып барып жаткандарга 3.4 млрд сом өлчөмүндө финансылык каржылоо болгонун кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи

4-августтан баштап “Бала ырысы” жөлөкпулу бериле баштайт

4-августтан баштап “Бала ырысы” жөлөкпулу бериле баштайт

Кыргызстандагы үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы, ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөкпулунун алгачкы төлөмдөрү 2026-жылдын 4-августунан баштап бериле баштайт. Мамлекет тарабынан берилүүчү  жардамдын көлөмү айына - 1200 сомду түзөт. Каражат июль айында кайрылган ата-энелерге “Элдик Банк” жана “А Банк” аркылуу берилет. Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча,

Өзбекстандан Кыргызстанга 2 айыл расмий түрдө өткөрүлүүдө

Өзбекстандан Кыргызстанга 2 айыл расмий түрдө өткөрүлүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында жер аянттарын алмашууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык иштер башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жер аянттарын алмашуунун уюштуруучулук-техникалык маселелерин, анын ичинде алмашылуучу аймактардын жашоочуларынын жарандык макамын аныктоо, аларды көчүрүү, ошондой

Чайга айына канча акча коротосуз? - бир чыныдан башталган чоң экономика

Чайга айына канча акча коротосуз? - бир чыныдан башталган чоң экономика

Кыргызда кеңеш да, келишим да, көп маселелердин чечими да чай үстүндө табылат. Чарчоонун, сууктун, а түгүл ысыктын да дабасы – чай. Кыскасы, биз үчүн ал жөн гана суусундук эмес, жылуу мамиленин, баарлашуунун жана күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү. Бирок эртең мененки дасторкондон башталып, кечки маекке чейин коштогон ушул адаттын артында чоң керектөө