Баткен районуна жаңы аким барды

Баткен районуна жаңы аким барды

Баткен районунун акими болуп Болоткан Баяке уулу дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Жаңы дайындалган акимди Баткен районунун активине Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тааныштырды.

Болоткан Баяке уулу 1993-жылдын 8-октябрында Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында туулган. Агроном жана экономист адистиктерине ээ.

Эмгек жолун Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүндө ветеринардык инспектор болуп баштаган. Андан кийин "Таза-Сокулук" муниципалдык ишканасында башкы инженер болуп эмгектенген.

Ошондой эле Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, Сокулук жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларында акимдин биринчи орун басары, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтарын аркалаган.

Ал жаңы дайындоого чейин Кадамжай районунун акими болуп эмгектенип келген.

Буга чейин Баткен районунун акими Данир Иманалиев болчу.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган

Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды