Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

Кыргызстанда абанын булганышы экологиялык көйгөй бойдон калууда. Бул маселе борбор калаа менен гана чектелбейт. Улуттук статистика комитетинин 2025-жыл боюнча маалыматына ылайык, стационардык булактардан атмосферага чыгарылган зыяндуу заттардын көлөмү бир адамга эсептегенде 160,7 килограммды түзгөн. Бул 2024-жылдагы 143,8 килограммдан көп.

Аймактар боюнча алганда, стационардык булактардан чыккан зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган — 197,6 миң тонна.

  1. Ош шаары — 3,9
  2. Бишкек шаары — 18,6
  3. Чүй облусу — 16,4
  4. Талас облусу — 6,0
  5. Ош облусу — 5,4
  6. Нарын облусу — 22,0
  7. Ысык-Көл облусу — 2,1
  8. Жалал-Абад облусу — 5,0
  9. Баткен облусу — 197,6 миң тонна.

Бишкектеги ыштын негизги себептери

Абанын булганышына көмүр жагуу, автоунаалардан чыккан түтүн, өндүрүш ишканалары жана таштандыларды өрттөө сыяктуу факторлор таасир этет.

БУУнун Айлана-чөйрө программасынын маалыматына караганда, Бишкекте транспорт сектору абанын булганышына олуттуу салым кошот. Дүйнөлүк банктын талдоосунда жай мезгилинде, жылытуу системаларынын таасири азайганда, автоунаалар PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн концентрациясынын 46%ына чейин түзүшү мүмкүн экени белгиленген.

"Ишкер медианын" абанын сапатын текшерүү боюнча макаласында адистер “Кыргызкөмүр” ишканасынын кампасынан Кара-Кече көмүрүнүн үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөгө алышкан. Ошондой эле автоунаалардын зыяндуу газдары текшерилип, талап бузган үч айдоочуга жалпы 22,5 миң сом айып пул салынган.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын адистеринин пикирлери боюнча, Бишкектеги абанын булганышы бир гана көмүрдүн сапатына байланыштуу эмес. Ага жеке турак жайларда жагылган отун, автоунаалардан чыккан зыяндуу газдар, өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү жана аба ырайынын шарттары биргелешип таасир этээри айтылган.

Абаны тазалоо аракети

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, шаарда 1 447 газ менен жүрүүчү автобус жана 120 электробус каттамга чыгарылган. ЖЭБдин электрофильтрлери жыл сайын оңдолуп, зыяндуу заттарды азайтуу үчүн күкүрт тазалоо системасы да киргизилген.

Мындан тышкары, борбор калаада 33 көмүр сатуу жайында отундун сапаты текшерилип жатат. Шаарда күн сайын 1 400–1 600 тонна таштанды пайда болот. Учурда анын болжол менен 1 200 тоннасы утилдештирилип, электр энергиясы өндүрүлүүдө. Ишкананын кубаттуулугун суткасына 2 миң тоннага жеткирүү үчүн 230 млн сомго жакын келишим түзүлгөн.

Ал эми жакында эле МинКаб төрагасы Бишкекте экинчи таштанды иштетүүчү завод куруу пландалып жатканын билдирген. Анын кубаттуулугу суткасына 2 миң тонна таштанды иштетүүгө жана 60 МВт электр энергиясын өндүрүүгө ылайыкталат.

Мындан тышкары, абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоордун алкагында Бишкек, Ош, Манас, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларына автоматтык мониторинг станцияларын орнотуу каралган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда