Быйыл Кыргызстан эт азыгы менен өзүн 89%га камсыз кылды

Быйыл Кыргызстан эт азыгы менен өзүн 89%га камсыз кылды

2022-жылы Кыргызстан канаттуулар эти, мал чарбачылыгынан өндүрүлгөн эт азыктары менен өзүн өзү 89%га камсыз кылды. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр жогору. 2021-жылы өлкө өзүн азыктык буудай менен 40%га камсыздаган болсо, быйыл ал көрсөткүч 72%га чыкты.

“Аянт азайганына жана кант кызылчасы быйыл 9 миң гектарга себилгенине карабастан, өндүргөн кумшекер былтыркыга салыштырмалуу 25%дан ашты. Ошентип быйыл 65%га өзүбүздүн өндүргөн кумшекер менен камсыз кылып жатабыз.

Негизги деген азыктардын ичинен сүт, картөшкө менен камсыз кылдык. Ушул позициядагы азыктарга быйыл дээрлик эт азыгы да кирип жатат, быйыл эт менен 89%га камсыз кылып жатабыз”, – деди министр.

Ошондой эле Жаныбеков өсүмдүк майы көрсөткүчтөрдү артка тартып турганын, былтыр камсыз кылуу 12% болсо, бул жылы ал 20%га жеткенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи