«Кыргызстан» санаториясын кайра курууга 31 млн доллар сарпташат – ордуна мейманкана, спорт комплекси, коттедждер курулат

«Кыргызстан» санаториясын кайра курууга 31 млн доллар сарпташат – ордуна мейманкана, спорт комплекси, коттедждер курулат

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду «Кыргызстан» санаторийин өнүктүрүү боюнча бизнес-планы менен тааныштырды. Презентация Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жумушчу жолугушууда өттү. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Фонддун өкүлдөрү Кыргызстанда санаториялык-курорттук мекемелердин тармагын өнүктүрүүнү көздөп жатышканын айтышты. Долбоор 32 объекттин курулушун камтыйт. Буга чейин Туризм боюнча улуттук кеңеш алардын 25и калыбына келтирилерин, ал эми жетөөсү гана нөлдөн курула турганын билдирген. Алар КРнын ар бир облусунда бирден курулат.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча санаторийлердин тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн 960 млн долларга жакын каражат керектелет. Бул көрсөткүч КРдагы эс алуу, реабилитациялык борборлорго жана курортторго жумшалган инвестициялардын орточо көлөмүнө жараша аныкталат.

Тармак өлкөдө медициналык туризмди өнүктүрүү, туристтик агымды жана туристтик сезондун узактыгын жогорулатуу, КРнын жарандарына эс алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында иштелип чыккан. Ар бир объект боюнча өзүнчө биргелешкен ишкана, бизнес-план түзүлүп, инвестиция тартылат.

Фонд пилоттук долбоор катары «Кыргызстан» санаториясын модернизациялоону сунуштап жатат. Бул объект Союз учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулган жана Профсоюздар федерациясына карайт.

Санаторийди өнүктүрүү боюнча сунушталган бизнес-планга ылайык, 25 гектар жерге 250 бөлмөлүү башкы корпус, бассейндери бар спорттук-эс алуу комплекси, боз үй түрүндөгү эки кабаттуу конференц-зал жана 20 корпустан турган коттедж шаарчасы курулат. Долбоор 31 млн долларды талап кылат, өзүн актоо 5.5 жылга созулат.

Мындан тышкары окуңуз

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Бишкекте коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилерин мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөргө өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системасын өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандын камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлери акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Документ менен камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби бекитилип, актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери үчүн милдеттүү каттоо киргизилет. Бул каттоосуз өлкө аймагында иш жүргүзүү мыйзамсыз болуп калат. Реестрге киргизүү үчүн белгиленген төлөмдөр каралган.

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

МинКаб Байтик Баатыр айыл аймагы аймагындагы 10 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер категориясынан калктуу конуштардын жер категориясына өткөрдү. Тиешелүү №208 токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган. Документке ылайык, ал жер Карганбек Самаковго таандык. (ЖК КРнын V чакырылышынын мурдагы депутаты). Сөз №202 контур (аянты 4,37 га) жана №411 контур (аянты

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров илим тармагын реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Документ ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле илим, билим берүү жана өндүрүш ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Жарлыкка ылайык,  Улуттук илимдер академиясы, анын илимий мекемелерине, ошондой эле министрлер кабинетине караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, мамлекеттик