Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

МинКаб Байтик Баатыр айыл аймагы аймагындагы 10 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер категориясынан калктуу конуштардын жер категориясына өткөрдү. Тиешелүү №208 токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган.

Документке ылайык, ал жер Карганбек Самаковго таандык. (ЖК КРнын V чакырылышынын мурдагы депутаты). Сөз №202 контур (аянты 4,37 га) жана №411 контур (аянты 5,63 га) тууралуу болуп жатат.

Токтомдо белгиленгендей, бул чечим Чүй облусундагы Байтик Баатыр айыл аймагында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында кабыл алынган.

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкү тапшырмалар жүктөлдү:

  • жер-эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү
  • жер тилкелерин максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу
  • курулуш нормаларын сактоо менен шаар куруу документтерин иштеп чыгуу

Ошондой эле райондук бийлик жаан-чачын жана кар сууларын коопсуз агызууну, сейсмикага каршы чараларды, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоону, тарыхый-маданий мурастарды коргоону камсыз кылууга тийиш.

Казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл үчүн археолог тартылышы керек.

Мындан тышкары, токтомдо:

  • айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана колдон чыгарылган пайданы компенсациялоо;
  • жер максатсыз колдонулса же пайдаланылбаса, аны баштапкы абалына келтирүү чаралары каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Кыргызстандын базарларында брокколи импорттук азык катары саналат, бирок жергиликтүү фермерлер бул өсүмдүктү өзүбүздө өстүрүүнү өздөштүрө башташты. Алардын бири - Чүй облусундагы Адилхан Мирлан уулунун чарбасы. Быйыл фермер брокколи экинчи жолу өстүрүп жатат. Алгачкы жылы 50 сотых жерге эгилсе, быйыл аянт үч гектарга чейин көбөйгөн. Учурда түшүм жыйноо уланууда. Чарбада жалпысынан 60

Ишкер Media
Тамчыдагы курулушта экологиялык мыйзам бузулуп, 28 миң сом айып салынды

Тамчыдагы курулушта экологиялык мыйзам бузулуп, 28 миң сом айып салынды

Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы курулуш объектисинде экологиялык талаптар бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыдалгандай, жергиликтүү тургундун кайрылуусунан кийин жүргүзүлгөн текшерүүдө курулуш компаниясынын септиги жана саркынды сууларды башкаруу талаптарга жооп бербегени белгилүү болду. Натыйжада Укук бузуулар кодексине ылайык компанияга 28 000 сом айып салынды. Ошондой эле септиктеги

Ишкер Media
Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бир күндүк жалданма жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартибин киргизүү сунушталып жатканын билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Ысабековдун айтымында, азыр такси жана курьерлер үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жөнөкөй механизми иштеп жатат. Эми ушул

Ишкер Media
Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media