Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров илим тармагын реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Документ ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле илим, билим берүү жана өндүрүш ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

Жарлыкка ылайык,  Улуттук илимдер академиясы, анын илимий мекемелерине, ошондой эле министрлер кабинетине караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, мамлекеттик органдарга жана жогорку окуу жайларына каржылык автономия берилет.

Бул алардын мыйзам менен тыюу салынбаган багыттарда — илимий изилдөөлөр, билим берүү жана консультациялык кызматтар, коммерциялык ишмердүүлүк жана башка иштер аркылуу — өз алдынча каражат таба ала турганын билдирет.

Мекемелерге ошондой эле өз кирешелерин өз алдынча пайдаланууга уруксат берилет: аларды кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана кошумча сыйлыктарга жумшоого болот.
Мындан тышкары, алар акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтерди өз алдынча белгилеп, мүлктү, анын ичинде ижарага берүү аркылуу пайдаланууга укуктуу болушат.

Өзүнчө белгиленгендей, жогорку окуу жайлар жыл сайын атайын эсептердеги каражаттардын кеминде 3%ын илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана карамагындагы илимий уюмдардын базасын жакшыртууга багыттоого тийиш.

Министрлер кабинетине алты айлык мөөнөттө илимий мекемелердин кызматтарына инвентаризация жүргүзүү жана өз чечимдерин Жарлыкка ылайык келтирүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, 2020-жылы өлкө башчысы "Илимдер академиясы музейге эмес, иш канаган жерге айланышы керектигин" баса белгилеген. Кийин академиянын имараты толук капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин да өлкө башчы бул мекемеге барып, жаңыланган имарат менен таанышкан.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media