Жыл башынан бери Кыргызстанга 29 миң автоунаа импорттолгон - көбү Грузия, Корея жана Россиядан келген

Жыл башынан бери Кыргызстанга 29 миң автоунаа импорттолгон - көбү Грузия, Корея жана Россиядан келген

Үстүбүздөгү жылдын он айында Кыргызстанга автоунаалардын импорту 29 миң 110 даананы түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик үч эсе кеп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, жеңил унаалардын импортунун жалпы баасы 345 млн доллардан ашты. Автоунаалардын басымдуу бөлүгү, тагыраак айтканда, 6463 даанасы дээрлик 12.5 млн долларга Грузиядан импорттолгон. Импорт боюнча Корея Республикасы экинчи орунда турат, ал жактан 39 млн долларга 5755 унаа келген. Ал эми Россиядан жалпы баасы 77.5 млн долларга 5612 жеңил унаа келген.

Импорттолгон жеңил унаалардын саны боюнча олуттуу көрсөткүчтөр АКШ, Япония, Литва жана Кытайга туура келет. Автоунаалардын импорту катталган башка 35 өлкөнүн ичинен КРга 700дөй автоунаа импорттолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи