1-январтан тартып жаңыланган Мамлекеттик сатып алуулар порталы ишке кирет

КРда мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү максатында, Финансы министрлиги тарабынан 2023-жылдын 1-январынан тартып, жаңыланган Мамлекеттик сатып алуулар порталы ишке кирет.

Финминдин берген маалыматына ылайык, портал жаңы маалыматтык технологиялар, тактап айтканда, смарт-контракт, электрондук келишимдеги контракт, шифрлөө, электрондук банктык келишимди колдоо сыяктуу технологияларды колдонуу менен жаңыланган.

“Сатып алуу процессин башкарууга, тараптардын өз ара милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк берген контракттарды башкаруунун жаңы бөлүмү киргизилүүдө, ал тобокелдиктерди, контракттардын аткарылбай калышын жана коррупциялык компоненттерди азайтууга багытталган”, – дейт министрлик.

Ошондой эле жаңы порталда электрондук сатып алуулар тутумунун маалыматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн коомчулукка жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга контролдун жаңы инструменттери – мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтарына жетүү үчүн бирдиктүү терезе болгон OCDS ачык маалыматтар стандарттары каралган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган

Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды