Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

"Электр станциялары" ААКтын Үч-Коргон ГЭСинде модернизациялоодон өткөн төрт гидроагрегаттын акыркысы — №1 гидроагрегат ишке киргизилди.

Энергетика министрлиги билдиргендей, ГЭтеги гидроагрегаттын баарында модернизациялоо иштери аяктап, станциянын жалпы кубаттуулугу 36 МВтка жогорулады.

Буга чейин гидроагрегаттардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзсө, модернизациялоо иштери аяктагандан кийин 216 МВтка жетти.

"2026-жылдын ичинде компания бир эле учурда эки гидроагрегатты — №2 жана №1 гидроагрегаттарды жаңыртууну аяктады", - дешти мекемеден.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан станцияда бул негизги жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы масштабдуу модернизациялоо болуп саналат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат