2023-жылдан тартып ун, май, кумшекер 15%га кымбатташы мүмкүн

2023-жылдан тартып ун, май, кумшекер 15%га кымбатташы мүмкүн

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15%га кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Маалыматта буга министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы себеп болуп жатканы айтылат. Жунушов мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12% киреше салыгы алына баштай турганын айткан.

“Министрлер кабинети бул азык-түлүктөрдүн баасын өзгөчө кырдаал режими киргенде өзү аныктап коё алчу. Ал режим бүтүп, эми бааны өзгөрткөнгө ыйгарым укугу жок болуп жатат. Баанын кымбатташы бир гана буудай менен унга эмес, май, кумшекер сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө да тиешелүү”, – деди Жунушов.

Эскерте кетсек, ноябрь айында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында Кыргызстандан буудай унун Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Базар-Коргондо уруксатсыз курулуп жаткан кыш заводдун иши токтотулду

Базар-Коргондо уруксатсыз курулуп жаткан кыш заводдун иши токтотулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тиешелүү уруксат документтери жок курулуп жаткан кыш заводдун иши токтотулуп, курулушту жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө объектте

Асыл тукум мал өстүргөн фермерлерге 3% менен насыя берилет

Асыл тукум мал өстүргөн фермерлерге 3% менен насыя берилет

Министрлер Кабинети асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген каржылоо программасын бекитти. Анын алкагында фермерлер жана тармактагы ишкерлер жылдык 3% үстөк менен 20 млн сомго чейин насыя ала алышат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жеңилдетилген каржылоо төмөнкү категорияларга берилет: * асыл тукум заводдорго жана фермаларга; * асыл тукум мал импорттоочуларга; * жасалма уруктандыруу

УКМКнын жасалма күбөлүгүн пайдаланып акча талап кылган адам кармалды

УКМКнын жасалма күбөлүгүн пайдаланып акча талап кылган адам кармалды

Бишкекте өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, жарандан акча талап кылууга шектелген адам кармалды. Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, шектүү шектүү жабырлануучуну жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, ай сайын 5 миң доллар берүүнү талап кылган.  Коркутуудан улам жабырлануучу ага 150 миң сом накталай акча берип, дагы 70

Жаңы окуу жылына пайдалуу даярданыңыз - BAKAI карталары менен 5% кешбэк алыңыз

Жаңы окуу жылына пайдалуу даярданыңыз - BAKAI карталары менен 5% кешбэк алыңыз

2026-жылдын 1-августунан 31-августуна чейин BAKAI Visa карталарынын ээлери үчүн лоялдуулук программасынын алкагында атайын сунушту ишке киргизет. Жаңы окуу жылынын алдында кардарлар популярдуу категориялардагы сатып алуулар үчүн 5% чейин кешбэкти акча түрүндө ала алышат. Август айы бою Visa карталарынын ээлери окууга жана кеңсеге керектүү товарларды сатып алууда 5%