Араб Эмираттарына Кыргызстандан жума сайын 6 тоннадан эт жөнөтүлүп баштады

КР Бириккен Араб Эмираттарына жумасына 6 тоннадан эт жөнөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев билдирди.

Анын айтымында, БАЭде эттен тышкары 2021-жылдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин кургатылган жер-жемиштер менен бал жогору бааланып, кымбат баада сатылууда.

“Биз сан жагынан эмес, сапат жагынан, органикалык жагынан алдыга чыга алабыз”, – деди ал.

Белгилей кетсек, жыйында «Органикалык өндүрүш жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган

Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды