Баткенде жеңилдетилген насыялардын үстөк пайызын төлөө үчүн мамлекеттик банктарга 66 млн сом берилет

Баткенде жеңилдетилген насыялардын үстөк пайызын төлөө үчүн мамлекеттик банктарга 66 млн сом берилет

Министрлер кабинети “Баткен облусун каржылоо” долбоорунун алкагында пайыздык чендерди субсидиялоонун көлөмүн 50 млн сомдон 66 млн сомго чейин жогорулатты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, насыялар «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «Керемет Банк» ААК тарабынан берилет. Жергиликтүү ишкерлер ала турган жеңилдетилген насыянын жалпы суммасы 470 млн сомду түзөт.

Долбоордун алкагында, биринчи 3 жылда нөл пайыздык ставка менен (0%), кийинки 2 жылда – жылдык 3% менен каражаттар бөлүнөт.

Ишкерлер жеңилдетилген насыя ала турган калктуу конуштардын тизмеси менен бул шилтемеден таанышууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылганын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.  Бул демилге Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте ишке ашырылды. Аталган борбор энергетика тармагындагы адистерди

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу өткөн деңиз ташуулары жаңы "эки коридорлуу система" аркылуу жүргүзүлө баштаганын Xinhua агенттигине таянып, Kazinform билдирди. Маалыматка ылайык, 5-апрелде кысык аркылуу жалпысынан 11 кеме өткөн. Анын ичинен үчөө кирген, сегизи чыккан. Кирген кемелердин баары мунай ташыган танкерлер болсо, чыккан кемелердин арасында танкерлер менен жүк ташуучу кемелер

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын акыркы мониторингинин жыйынтыгында маалымдалды. 2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде айрым товарларга баа бир аз өзгөргөн. Тактап айтканда, кумшекер 0,5%га, сабиз 1,4%га кымбаттаган. Адистер муну сезондук фактор менен түшүндүрүшөт. Ал эми

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилге Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы №191 токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Программа бекитилген тизмеге кирген үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына багытталган. Анын алкагында коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттер берилет. Негизги шарттарга