Баткенде жеңилдетилген насыялардын үстөк пайызын төлөө үчүн мамлекеттик банктарга 66 млн сом берилет

Баткенде жеңилдетилген насыялардын үстөк пайызын төлөө үчүн мамлекеттик банктарга 66 млн сом берилет

Министрлер кабинети “Баткен облусун каржылоо” долбоорунун алкагында пайыздык чендерди субсидиялоонун көлөмүн 50 млн сомдон 66 млн сомго чейин жогорулатты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, насыялар «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «Керемет Банк» ААК тарабынан берилет. Жергиликтүү ишкерлер ала турган жеңилдетилген насыянын жалпы суммасы 470 млн сомду түзөт.

Долбоордун алкагында, биринчи 3 жылда нөл пайыздык ставка менен (0%), кийинки 2 жылда – жылдык 3% менен каражаттар бөлүнөт.

Ишкерлер жеңилдетилген насыя ала турган калктуу конуштардын тизмеси менен бул шилтемеден таанышууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Чайга айына канча акча коротосуз? - бир чыныдан башталган чоң экономика

Чайга айына канча акча коротосуз? - бир чыныдан башталган чоң экономика

Кыргызда кеңеш да, келишим да, көп маселелердин чечими да чай үстүндө табылат. Чарчоонун, сууктун, а түгүл ысыктын да дабасы – чай. Кыскасы, биз үчүн ал жөн гана суусундук эмес, жылуу мамиленин, баарлашуунун жана күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү. Бирок эртең мененки дасторкондон башталып, кечки маекке чейин коштогон ушул адаттын артында чоң керектөө

Базар-Коргондо уруксатсыз курулуп жаткан кыш заводдун иши токтотулду

Базар-Коргондо уруксатсыз курулуп жаткан кыш заводдун иши токтотулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тиешелүү уруксат документтери жок курулуп жаткан кыш заводдун иши токтотулуп, курулушту жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө объектте

Асыл тукум мал өстүргөн фермерлерге 3% менен насыя берилет

Асыл тукум мал өстүргөн фермерлерге 3% менен насыя берилет

Министрлер Кабинети асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген каржылоо программасын бекитти. Анын алкагында фермерлер жана тармактагы ишкерлер жылдык 3% үстөк менен 20 млн сомго чейин насыя ала алышат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жеңилдетилген каржылоо төмөнкү категорияларга берилет: * асыл тукум заводдорго жана фермаларга; * асыл тукум мал импорттоочуларга; * жасалма уруктандыруу

УКМКнын жасалма күбөлүгүн пайдаланып акча талап кылган адам кармалды

УКМКнын жасалма күбөлүгүн пайдаланып акча талап кылган адам кармалды

Бишкекте өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, жарандан акча талап кылууга шектелген адам кармалды. Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, шектүү шектүү жабырлануучуну жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, ай сайын 5 миң доллар берүүнү талап кылган.  Коркутуудан улам жабырлануучу ага 150 миң сом накталай акча берип, дагы 70