Кытайлык инвесторлор Кыргызстанга санитардык буюмдарды чыгаруучу завод курууну көздөшүүдө

Кытайлык инвесторлор Кыргызстанга санитардык буюмдарды чыгаруучу завод курууну көздөшүүдө

Кытайдан келген инвесторлор Кыргызстанда санитардык-гигиеналык буюмдарды чыгаруучу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясовдун кытайлык ARROW корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушуу КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугунун көмөгү менен өттү. Консулдук аталган компания менен бир жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

“Кытайлык инвесторлордун иш сапарынын максаты ЕАЭБ, Борбордук Азия жана Европанын рынокторун өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда санитардык-техникалык буюмдарды чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүү болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.

Жолугушууга Кытай тараптан ARROW эл аралык кызматташтык департаментинин аймактык директору Женни Пенг келген.

КЭРдин Улуттук корпоративдик кредиттик маалымат системасынын маалыматы боюнча, товардык белги 2013-жылы катталган, 2022-жылдын августунда компания Шэньчжэнь фондулук биржасына кирип, бир айдын ичинде 200 млн доллардан ашык каражат чогулта алган. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү 1.5 млрд долларды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылганын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.  Бул демилге Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте ишке ашырылды. Аталган борбор энергетика тармагындагы адистерди

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу өткөн деңиз ташуулары жаңы "эки коридорлуу система" аркылуу жүргүзүлө баштаганын Xinhua агенттигине таянып, Kazinform билдирди. Маалыматка ылайык, 5-апрелде кысык аркылуу жалпысынан 11 кеме өткөн. Анын ичинен үчөө кирген, сегизи чыккан. Кирген кемелердин баары мунай ташыган танкерлер болсо, чыккан кемелердин арасында танкерлер менен жүк ташуучу кемелер

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын акыркы мониторингинин жыйынтыгында маалымдалды. 2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде айрым товарларга баа бир аз өзгөргөн. Тактап айтканда, кумшекер 0,5%га, сабиз 1,4%га кымбаттаган. Адистер муну сезондук фактор менен түшүндүрүшөт. Ал эми

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилге Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы №191 токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Программа бекитилген тизмеге кирген үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына багытталган. Анын алкагында коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттер берилет. Негизги шарттарга