«РСК Банк» ААК штаттык режимде туруктуу иштеп жатканын билдирди

«РСК Банк» ААК штаттык режимде туруктуу иштеп жатканын билдирди

«РСК Банк» ААК штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Билдирүүдө аталган банктын бардык бөлүмдөрү жана банкоматтары туруктуу иштеп, калкты адаттагыдай эле тейлеп жатканы айтылат.

“РСК Банктын” башка банк менен биригиши боюнча таркап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Дүрбөлөңгө түшпөөңүздөрдү жана расмий булактарга гана ишенүүңүздөрдү сиздерден өтүнүп кетебиз. Кооптонууга эч кандай себептер жок”, – дейт банк расмий билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда “РСК Банктын” банкоматтарында накталай акча жок экени, банктын башка каржы-кредиттик мекеме менен биригип жатканы, башка банктар “РСКнын” карталарын кабыл алууну токтотушу мүмкүн деген кептер айтылган эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аркасы буздурулууда

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аркасы буздурулууда

Бишкекте Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Тыналиев көчөсүндөгү арканы бузуу иштери башталды. Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөрдөн жумушчулардын курулушту бузуп жатканын көрүүгө болот. Бишкек шаардык мэриясы бул боюнча расмий маалымат тарата элек. Эске салсак, 11-июнда борбор калаада Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Тыналиев көчөсүн жана андан ары Курчатов көчөсүн бириктире

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуш үчүн компанияга 200 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуш үчүн компанияга 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы "Фемили Резорт" эс алуу жайына пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү Бишкек экологиялык прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде уюштурулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө объекттин алты блогунда бекитилген долбоордук документацияга өзгөртүү киргизилбестен жана

Кыргызстанда жети айда 1100 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда жети айда 1100 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда жол куруу иштери быйыл кыйла ылдамдап, үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата 1100 чакырым унаа жолуна асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкө боюнча 455 чакырым жол гана асфальтталган. Натыйжада быйылкы көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 645 чакырымга көп болуп, жол куруу иштеринин

Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүнө иш сапары менен барды. Мэриянын маалыматына ылайык, шаар башчысы аскер бөлүгүнүн кызматтык ишмердүүлүгү, күжүрмөн даярдыгы, материалдык-техникалык базасы жана өздүк курам үчүн түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышты. Иш сапарынын жүрүшүндө бөлүктүн жетекчилиги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик