Баткенде кыргыз менен тажик бийлигинин өкүлдөрү жолугушту

Баткенде кыргыз менен тажик бийлигинин өкүлдөрү жолугушту

Кечээ, 26-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун Борбордук айылында КР УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – директору генерал-майор Уларбек Шаршеевдин Тажикстан Республикасынын УКМКсынын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин командачысы генерал-полковник Раджабали Рахмоналинин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын берген маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө чек ара ведомстволорунун жетекчилери КР менен ТРнын чек ара аймактарындагы абалды турукташтыруу боюнча мурда кол коюлган протоколдордун аткарылышын карашкан.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулап, эки тараптуу чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү багыттарын белгилешкен.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасында коопсуздукту жана ишенимди бекемдөө, бейпилдик менен стабилдүүлүктү сактоо Борбордук Азия чөлкөмүндө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого кошкон маанилүү салым экенин бир добуштан билдиришкен.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

  • 2023-жылы биргелешкен жумушчу комиссиянын ишин улантуу
  • Тараптардын прокуратураларынын алдында Тараптар эки республикада турган жарандардын мүлкүн кайтарып берүү боюнча ишти тездетүү жөнүндө маселени козгоо
  • Мамлекеттик чек арада Тараптардын ортосундагы мамилелердин курчушуна алып келген аракеттерге жол бербөө.

Сүйлөшүүлөргө КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода да катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Париждеги WOAH жыйынында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Париждеги WOAH жыйынында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

18-22-май күндөрү Кыргызстандын делегациясы Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясына катышты. Кыргыз делегациясын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев жетектеди. Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 183

Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манас шаарындагы Регионалдык олимпиадалык резерв мектебин реконструкциялоо иштеринде коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүдө жана кошумча инфраструктураларды курууда мамлекетке 7 млн 288 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жаңы заманбап спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, элдин саламаттыгы жана билимдүүлүгү мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы спорт комплекси айыл жаштарына спорт менен машыгууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуу өткөрдү. Парламенттен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн, парламенттер аралык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий жана парламенттик