Баткенде жабыркаган 420 үйдүн экөө гана курулуп бүттү

Баткендеги турак жайларды калыбына келтирип жаткан «Аманат Курулуш Инвест» ишканасы графиктен артта калууда, тагыраак айтканда, эки гана объект толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен шаарын калыбына келтирүү боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында Мамкурулуштун директору Нуртазин Жетыбаев билдирди.

Комитеттин жыйынына подрядчик компаниянын директору келген жок. Жетыбаев ишкананын жетекчисин өздөрү да таба албай жатышканын айтты.

Финансы министрлиги «Аманат курулуш инвест» ишканасына үч транш менен 1.4 млрд сом бөлүп берген. Жабыркаган 420 үйдүн ичинен эки гана турак-жай объектиси бүгүнкү күнгө чейин толук калыбына келтирилген.

Депутаттар компанияны графиктен артта калганы үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Белгилей кетсек, Баткен шаарында 1 үй, Баткен районунда 315 үй, Лейлек районунда 104 үй курулушу керек.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган

Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды