ИИМ бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн текшерүүдө

ИИМ бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн текшерүүдө

Ички иштер органдары бир нече коммерциялык эмес турак жай кооперативдеринин ишмердигине байланыштуу кылмыш иштерин иликтөөдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, «S-Line» турак жай кооперативи жарандарга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, 80 ашуун кылмыш иши козголгон. Келтирилген материалдык чыгым 79 млн сомдон ашык болгон. Аталган коммерциялык эмес турак жай кооперативинин бир катар жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 500 кылмыш иши козголуп, жарандарга 600 млн сомдон ашык чыгым келтирилген. Бул коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

Андан сырткары, «Береке Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативи боюнча да кылмыш иштери иликтенүүдө. Азыркы учурда «Береке Групп ЛТД» кооперативинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жарандардан 300 арыз түшкөн.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы турак жайларга жогорку талап болгондугуна байланыштуу кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө алуунун ар кандай түрлөрү бар экендигин белгилейт.

ИИМ эскертет

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет.

Мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилген. Бирок, ошол эле учурда кооперативдердин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзгөндөрү тынчыздандырат.

“Турак жай кооперативине акча каражатын салууда тобокелчиликтер жогору. Учурда бир нече турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү иликтенүүдө. Кылмышкерлер жарандардын мүлкүн ээлеп алуу үчүн ар кандай ыкмаларды ойлоп табышууда. Кыймылсыз мүлк кылмышкерлердин өзгөчө кызыкчылыгына ээ.

Турак-жай көйгөйүн чечүү-көпчүлүктүн маселеси. Бир нече жыл мурда турак жай кооперативдери түзүлө баштаган, бирок бул жерде да үй сатып алуучулар мыйзамсыз схемаларга туш болуу коркунучуна дуушар болушат – алардын ишинде айкындык жана тактык жок, аманатчылардан чогултулган каражаттар кепилдиктер менен колдоого алынбайт. Акыркы жылдары турак жай кооперативдери аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ болуу ыкмасы активдүү жайылууда, бирок ошол эле учурда алданган жарандардын саны да өсүүдө.

Каржы пирамидасынын негизги белгилери – кыска мөөнөттө турак жай алуу убадасы, ачык-айкындуулуктун жоктугу. Эгерде сизге баштапкы сумманы саласыз жана 4-6 айдын ичинде турак жай ала аласыз деп айтышса, анда бул жерде этият болууга негиз болуп саналат жана каржы пирамидасынын схемасы бар мындай уюмду айланып өтүү жакшы”, – дейт ИИМ.

Мындан тышкары окуңуз

Париждеги WOAH жыйынында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Париждеги WOAH жыйынында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

18-22-май күндөрү Кыргызстандын делегациясы Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясына катышты. Кыргыз делегациясын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев жетектеди. Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 183

Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Манас шаарындагы Регионалдык олимпиадалык резерв мектебин реконструкциялоо иштеринде коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүдө жана кошумча инфраструктураларды курууда мамлекетке 7 млн 288 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды

Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жаңы заманбап спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, элдин саламаттыгы жана билимдүүлүгү мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы спорт комплекси айыл жаштарына спорт менен машыгууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуу өткөрдү. Парламенттен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн, парламенттер аралык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий жана парламенттик