Кыргызстандыктар акча каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада сактай башташты

Кыргызстандыктар акча каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада сактай башташты

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын депозиттик портфели 327 млрд сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында депозиттердин көлөмү 95.1 млрд сомго көбөйгөнү тууралуу КР Улуттук банкынын маалыматтарында айтылат.

Портфелдин басымдуу бөлүгү улуттук валютага туура келип, ал 173.1 млрд сомду түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан ноябрга чейин өсүш 38.6 млрд сомго жеткен.

Чет элдик валютада 153 млрд сомдук депозит ачылып, отчеттук мезгилде портфель 56.6 млрд сомго көбөйгөн. Ал эми 2021-жылы чет элдик валютадагы депозиттердин өсүшү 20 млрд сомду гана түзгөн болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүнө иш сапары менен барды. Мэриянын маалыматына ылайык, шаар башчысы аскер бөлүгүнүн кызматтык ишмердүүлүгү, күжүрмөн даярдыгы, материалдык-техникалык базасы жана өздүк курам үчүн түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышты. Иш сапарынын жүрүшүндө бөлүктүн жетекчилиги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик

Никеге арызды эми "Түндүк" аркылуу берсе болот

Никеге арызды эми "Түндүк" аркылуу берсе болот

Кыргызстанда никени каттоого арыз берүү кызматы "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Кызматты колдонуу үчүн алгач демилгечи "Никени каттоо" кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) киргизип, Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт. Андан соң экинчи тарап билдирүү алып,

Көк-Жардагы 750 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Көк-Жардагы 750 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу активдүү уланууда. Ведомствонун маалыматына тылайык, объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда курулуш-монтаждоо иштери 75%га аткарылды. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3 600 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу

Гонконг компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Гонконг компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Xinhua Panfeng Holdings Hong Kong Limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды. Равшанбек Сабиров Улуттук агенттик эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара