«Манас» аэропортуна инвестиция салууга 9 компания кызыкдар

«Манас» аэропортуна инвестиция салууга 9 компания кызыкдар

“Манас” аэропортуна инвестиция салууга жети өлкөнүн компаниялары кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 26-декабрдагы жыйынында Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын жай айларында алар эл аралык инвесторлор катышкан конференция өткөрүшкөн жана ага төмөндөгү өлкөлөрдөн компаниялар катышкан:

  • Corporacion America Airports (Аргентина)
  • Munich Airports (Германия)
  • Incheon International Airports (Түштүк Корея)
  • Korea International Corporation (Түштүк Корея)
  • EGIS (Франция)
  • YDA Group (Түркия)
  • IC ICTAS (Түркия);
  • Airports of Regions (Россия)
  • GMR Group (Индия).

Жыйында IFC өкүлү Эркин Асрандиев техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу иштери аяктаганын билдирип, ал министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн айтты.

«Аэропорт потенциалдуу инвесторго 28 жылга берилет деп болжолдонууда. Бул убакыттын ичинде аэропорттон жүргүнчүлөрдү ташуу 4.5-5 эсе көбөйөт. 400 млн доллар инвестиция салынып, каражат жыл сайын төлөнөт. «Манас» аэропорту пайдаланып жаткан ар бир жүргүнчүдөн 15 доллар кыргыз тарапта калат», – деди Асрандиев.

Мындан тышкары окуңуз

Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүнө иш сапары менен барды. Мэриянын маалыматына ылайык, шаар башчысы аскер бөлүгүнүн кызматтык ишмердүүлүгү, күжүрмөн даярдыгы, материалдык-техникалык базасы жана өздүк курам үчүн түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышты. Иш сапарынын жүрүшүндө бөлүктүн жетекчилиги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик

Никеге арызды эми "Түндүк" аркылуу берсе болот

Никеге арызды эми "Түндүк" аркылуу берсе болот

Кыргызстанда никени каттоого арыз берүү кызматы "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Кызматты колдонуу үчүн алгач демилгечи "Никени каттоо" кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) киргизип, Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт. Андан соң экинчи тарап билдирүү алып,

Көк-Жардагы 750 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Көк-Жардагы 750 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу активдүү уланууда. Ведомствонун маалыматына тылайык, объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда курулуш-монтаждоо иштери 75%га аткарылды. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3 600 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу

Гонконг компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Гонконг компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Xinhua Panfeng Holdings Hong Kong Limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды. Равшанбек Сабиров Улуттук агенттик эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара