«Унаа» мекемеси майрамга чейинки күндөрдөгү иш графигин кабарлады

«Унаа» мекемеси майрамга чейинки күндөрдөгү иш графигин кабарлады

Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси майрам астында жана майрам күндөрү иш графигин бекитти.

Келе жаткан майрам күндөрүнө байланыштуу «Унаа» МИ төмөнкүлөрдү билдирет:

  • Бишкек шаары, Б. Алыкулов көч., 3/10 дареги боюнча «2 прораба» соода борборунда жайгашкан «Унаа» ММдин Батыш АвтоЦону 2022-жылдын 29-30 декабрына чейин 8.30 сааттан 17.30 саатка чейин иштейт, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин. 31-декабрына чейин 8.30 сааттан 16.30 саатка чейин иштейт, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин. Маалымат үчүн тел. (0312) 888614.
  • Военно-Антоновка айылы, «Риом» автобазары дареги боюнча жайгашкан «Унаа» ММдин Региондор аралык сектору 26-декабрынан 28-декабрына чейин жана 8.30 сааттан 17.30 саатка чейин иштейт, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин (29-30 декабры – дем алыш күндөрү). 31-декабрында 8.30 сааттан 16.30 саатка чейин иштейт, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин Маалымат үчүн тел. (0312) 463910.

Унаа» ММдин жогоруда аталган бөлүмдөрү жаңы жылдын дем алыш күндөрүнөн кийин 2023-жылдын 8-январынан тартып (жекшемби) кадимки режиминде иштейт.

Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жана жалпы республика боюнча «Унаа» ММдин калган аймактык бөлүмдөрү беш күндүк аптанын иш графиги боюнча иштейт: дүйшөмбүдөн тартып жумага күнүнө чейин: 8.30 сааттан 17.30 саатка чейин, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин.

Жаңы жылдын дем алыш күндөрүнөн кийин «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү 2023-жылдын 9-январынан тартып кадимки режиминде иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүнө иш сапары менен барды. Мэриянын маалыматына ылайык, шаар башчысы аскер бөлүгүнүн кызматтык ишмердүүлүгү, күжүрмөн даярдыгы, материалдык-техникалык базасы жана өздүк курам үчүн түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышты. Иш сапарынын жүрүшүндө бөлүктүн жетекчилиги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик

Никеге арызды эми "Түндүк" аркылуу берсе болот

Никеге арызды эми "Түндүк" аркылуу берсе болот

Кыргызстанда никени каттоого арыз берүү кызматы "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Кызматты колдонуу үчүн алгач демилгечи "Никени каттоо" кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) киргизип, Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт. Андан соң экинчи тарап билдирүү алып,

Көк-Жардагы 750 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Көк-Жардагы 750 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу активдүү уланууда. Ведомствонун маалыматына тылайык, объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда курулуш-монтаждоо иштери 75%га аткарылды. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3 600 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу

Гонконг компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Гонконг компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Xinhua Panfeng Holdings Hong Kong Limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды. Равшанбек Сабиров Улуттук агенттик эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара