Кыргызстанда балага сүйүнчү пул убактылуу берилбейт

Кыргызстанда сүйүнчү пул убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматта анын токтотулушуна “балага сүйүнчү” борборлоштурулган базасынын жаңыланып жатышы себеп болгону айтылат. Арыздарды кабыл алуу мурдагыдай тартипте улана берет, бирок төлөмдөр система жаңылангандан кийин, жаңы жылдан тарта бериле баштайт.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага 4000 сом сүйүнчү пул бериле баштаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды

Абанын булганышы: зыяндуу заттардын эң ири көлөмү - Баткен облусунда катталган

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда